Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги 1937-жылы негизделген жана Кыргызстандын эң биринчи маалымат агенттиги. Бул өлкөнүн ички жана эл аралык маалыматтык саясатын координациялоочу жалгыз мамлекеттик маалымат ресурсу. Агенттиктин жаңылыктары кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жарыяланып турат.
“Кабар” агенттигинин милдеттерине Кыргызстандын жана бүткүл Борбор Азиянын коомдук-саясий турмушундагы эң маанилүү окуялар тууралуу объективдүү маалыматтарды чогултуу жана ыкчам жайылтуу кирет.
Агенттик чет мамлекеттер менен маалыматтык жана башка иш чөйрөлөрдө эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштарды ишке ашырат. Учурда агенттиктин КМШнын бардык өлкөлөрү, дүйнөнүн бир катар белгилүү маалымат агенттиктери – Синьхуа, CNA (Кытай), Kyodo, YonHap, QNA (Катар) жана башкалар менен маалымат алмашуу боюнча келишимдери бар.
Агенттик башка ЖМКларга расмий маалыматты жеткирүүчү жана мамлекеттик бийлик органдарынын оозу болуп саналат; мында мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, бизнес-коомчулуктардын, коомдук бирикмелердин жетекчилери жана өкүлдөрү менен пресс-конференцияларды дайыма өткөрүп турат.