Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги сиздерди акы төлөнүүчү опциялардын алкагында кызматташууга чакырат.
Агенттик жана аудитория тууралуу маалымат:
“Кабар” агенттиги 1937-жылы негизделген жана Кыргызстандын эң алгачкы маалымат агенттиги болуп саланат. Ал жалгыз мамлекеттик маалыматтык-аналитикалык мекеме жана өлкөнүн ички жана эл аралык маалыматтык саясатынын кеоординатору болуп саналат. Андыктан агенттиктин жаңылыктары кыргыз жана орус тилдеринде гана эмес, англис, араб, түрк, кытай тилдеринде да жарыяланып турат. Эл аралык маалымат каражаттары “Кабарды” Кыргызстандын бийлигинин расмий булагы жана позициясы катары таанышат.
“Кабардын” сайтынын негизги аудиториясы калктын ишкердик жана административдик бөлүгү болуп саналат. Бизди Кыргызстандан тышкары Россия, АКШ, Кытай, Өзбекстан, Казакстан, Европа жана башка өлкөлөрдөн окушат.
Биздин эң башкы артыкчылыгыбыз:
“Кабар” агенттиги мамлекеттик сайт болгондуктан жарнамалык кызматтардын баасы жеке ЖМКларга караганда бир кыйла төмөн.
Башка ЖМКлардын ичинен биздин негизги артыкчылыгыбыз, эгерде зарыл болсо, жарнамалык материал сайттын бардык тилдерине (же тандоо боюнча) – кыргыз, орус, англис, араб, кытай, түрк тилдерине которулат.
Мындан тышкары, сайтка жарыяланган ар бир жарнамалык материал кошумча төлөмдөрсүз социалдык тармактарга жайгаштырылат.