Бишкек, 19.11.2024. / Кабар /. Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.
Муниципалитеттен билдиришкендей, Адилет Абылбеков “Бишкек жашыл курулуш” ишканасынын жаңы директору болуп дайындалды.
Ал буга чейин мэриянын борбордук аппаратынын уюштуруу-контролдук иштер бөлүмүнүн чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы инспектору болуп эмгектенген.
Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.