Акнет, Роял, Авангард стиль, Неман. Кыргызстандагы ири компаниялар Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамды бузганы аныкталды

Коом Загрузка... 30 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборунун басма сөз кызматы

Бишкек, 30.01.25. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору интернет мейкиндигинде жүргүзүлүп жаткан мониторингдин айрым жыйынтыктарын жарыялады.

Аталган борбордон билдиришкендей, Кыргызстандагы БМВ борбору, КИА борбору, Барашек, Радуга вест, Роял, Кут строй, Авангард стиль, Акнет, Космопарк, Киноафиша, ТС групп, N групп, Аксай трэвел, Неман жана башка ири компаниялар Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамын бузууда.

Маалыматта жогоруда аталган компаниялардын расмий сайттарында мамлекеттик тилдеги расмий баракчалары жок экендиги айтылган. Аталган борбордун кызматкерлери компания өкүлдөрү менен байланышканда эскертүүнү жетекчиликке жеткире тургандыктарын жана сайттын баракчасы иштелип жаткандыгы тууралуу жоопторду беришкен.

Борбордун маалыматы боюнча чогултулган материалдар КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссияга өткөрүлүп берилген.

Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору билдиргендей, мониторингдин жыйынтыгында Кыргызстандагы көп сайттардын мамлекеттик тилдеги баракчалары жок экендиги аныкталган.

Буга байланыштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору өлкөдөгү компаниялардан "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамды сактоону өтүнөт.