Бишкек, 24.01.25. /Кабар/. Арал – Казарман унаа жолуна кулаган таштар тазаланды. Учурда жол ачык, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Ведомстводон маалымдашкандай, Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал –Казарман участогунун 243-296-чакырым аралыгында жааган кардан улам тоо бетинен таштар кулап, жолдун бир тилкесин жаап калган.
№ 18 Жол тейлөө ишканасы тарабынан таштар тез арада тазаланып, каттам камсыздалды.