Бишкек, 24.01.25. /Кабар/. Бишкек – Ош унаа жолунун 132, 133, 135-чакырымында жана Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун 198-чакырымында кар көчкүлөр артиллериялык куралды колдонуу менен түшүрүлөт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен маалымдашкандай, кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүүдө жолдо маал-маалы унаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилип турат.
Учурда атып түшүрүү иштерин утурлай тиешелүү министрликтердин кызматкерлери тарабынан даярдыктар көрүлүүдө.