Бишкекте 5 мектеп окуучусунан кызамык оорусу чыкты. Анын экөөсү эмдөөдөн өткөн эмес

Ден соолук Загрузка... 30 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Бишкек шаардык Билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматы

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.01.25. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө чейин №32 жалпы билим берүү орто мектебинин 5 окуучусунан кызамык оорусу чыкты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Свердлов районунун Билим берүү башкармалыгынын башчысы Жыргал Абдыжапарова "Кабар" агенттигине билдирди.

Анын айтымында, кызамык оорусуна кабылган балдардын экөөсүнүн ата-энеси буга чейин балдарын эмдетүүдөн баш тарткан.

"4-класстын окуучусунан кышкы каникул маалында кызамык оорусу аныкталган. 17-январда ошол эле класстын дагы бир окуучусунун кызамык оорусуна чалдыкканы белгилүү болгон. Ошол эле күнү Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунан адистер келишип, балдарга эмдөө жасашкан. 10 баланын ата-энеси балдарын эмдетүүдөн баш тарткан. Ошол баш тарткан ата-энелердин балдарынын ичинен эки окуучу кызамык жугузуп алды. Бүгүнкү күндө ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Кызамык чыккан класстын кабинети күнүгө дезинфекцияланууда. Балдар антисептикалык каражаттарды колдонуп, беткап кийип жатат. Тамактануусу да өзүнчө уюштурулууда. Бир эле ушул класс эмес, жалпы окуучулар мектепке дене табы текшерилген соң киргизилип жатат"- деди ал.

Жыргал Абдыжапарова белгилегендей, кызамык оорусунун чыккандыгына байланыштуу бардык мектептерде жана бала бакчаларда оорунун жайылышын алдын алуу боюнча иштер күчөтүлдү.