Бишкек, 30.01.25. /Кабар/. Бишкекте таштанды челегинен табылган ымыркайдын абалы туруктуу оор деп бааланууда. Бул тууралуу бүгүн "Кабар" агенттигине Бишкек шаарындагы Тез медициналык жардам балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов билдирди.
Анын айтымында, учурда ымыркай дарыгерлердин көзөмөлүндө.
"Ымыркай бизге өтө оор абалда түшкөн. Азыр баланын абалы туруктуу оор. Биз баланы толук текшерүүдөн өткөрдүк, анализдерди алдык. Бала ара төрөлгөндүктөн абалы акырындап турукташып келе жатат. Буга убакыт керек. Биз колдон келген аракеттерди көрүп жатабыз. Дары-дармектердин баары бар", - деди ал.
Эске салсак, күн мурун Бишкектин Интергельпо көчөсүндөгү таштанды челектен окуучулар ымыркай таап алгандыгын Ленин РИИБи маалымдаган.
Наристе ооруканага жаткырылып, укук коргоо органдары бул факт боюнча кылмыш ишин козгоп, кыз баланын энесин издеп жатышканы айтылган.