Бишкек, 30.01.25. /Кабар/. Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу борбор калаада “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жолдорго жана тротуарларга карды тазалоо жана туз себүү иштерин жүргүзүүдө.
Муниципалитеттен билдиришкендей, көчөлөрдү тазалоого 45 КДМ (комбинацияланган автотранспорт), 3 ХОВО техникасы, 2 фронталдык жүктөгүч техникасы жана щетка-күрөктөр менен жабдылган 22 «Беларусь» трактору тартылат.
Ошондой эле ишкананын 700дөн ашык кызматкерлери тротуарларды тазалап, жол бордюрларын тазалоо иштерин жүргүзүшөт.
Учурда ишкананын аймагында 2280,43 тонна туз бар.