Дональд Трамп АКШнын президенти кызматына расмий киришти

Дүйнө Загрузка... 21 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous

Бишкек, 21.01.25. /Кабар/. Дональд Трамп АКШнын президенти кызматына расмий киришти.

ТАСС маалымдагандай, АКШнын 47-президенти Дональд Трамптын ант берүү аземи Вашингтондогу Конгресстин борбордук залында өттү. Ага бир катар мамлекеттердин жетекчилери жана коноктор катышты. Иш-чара ири телеканалдар аркылуу түз чагылдырылды.

АКШнын президенти кызматына киришкен Дональд Трамп администрациясына жаңы жетекчилерди дайындоо боюнча алгачкы жарлыктарга жана тескемелерге кол койгону айтылды.

Ортодогу тыныгуудан кийин мамлекеттик жогорку кызматка кайра келген 78 жаштагы Трамп 5-ноябрда өткөн АКШдагы президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен.

Ал биринчи жолу бул орунга 2017-2021-жылдары отурган.