Бишкек, 30.01.25. /Кабар/. Дубайдан Москва шаарына багыт алган учак шашылыш түрдө Астрахандагы аэропортко конду. Бул тууралуу ТАСС кабарлады.
Маалыматтарга караганда, өрт сигнализациясы иштегендиктен учак Каспий деңизинин үстүндө багытын өзгөртүп, Астраханга бет алган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, техникалык себептерден улам конууга аргасыз болгон учакта өрт кырсыгы катталган эмес. Адистер өрттүн чыгуусун көзөмөлдөгөн жабдуу жалган сигнал бергендигин айтышууда.
Дубайдан Москвага учуп бараткан учакта 182 жүргүнчү жана алты экипаж мүчөсү болгон.