Эмдөө гана балдарды кызамыктан сактайт

Ден соолук Загрузка... 30 Январь 2025
656831228095a514446067.jpg
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Учурда өлкөдө кызамык оорусу боюнча абал курч бойдон калууда. Саламаттык сактоо министрлиги ооругандардын негизги өсүшү Бишкек шаарында байкалып жатканын "Кабар" агенттигине билдирген. Анда министрлик балдарды эмдетүүдөн баш тартуу учурлары көбөйгөнүн, эмдөөдөн өтпөгөн балдар жугуштуу ооруларга чалдыгып, оорунун жайылышына себепкер болуп жатканын белгилеген. Мындан улам биз Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборуна кайрылып, кызамык тууралуу бир катар суроолорго жооп алдык.

Кызамык деген кандай оору?

Кызамык – аба аркылуу жугуучу өтө жугуштуу вирустук оору. Инфекциянын булагы оорулуу адам болуп саналат. Кызамыкты бул ооруга чалдыккан, бейтап менен жок дегенде кыска мөөнөттүү байланышта болгон, эмдөөдөн өтпөгөн адамдар жуктуруп алышат.

Бир оорулуу адамдан аны менен байланышта болгон ондон ашык адам бул ооруну жуктуруп алышы мүмкүн.

Симптомдору жана белгилери:

Кызамык оорусу 40 градуска чейин жогорку температура, мурундун бүтүшү, бат-бат кургак жөтөл жана конъюнктивит менен коштолот. Оорунун 4-5-күнүнөн баштап денеге кызыл исиркектер чыга баштайт.

Эң алгач исиркектер оорулуунун кулагынын артында, бетинде жана моюнунда, андан кийин көкүрөгүндө жана тулку боюнда, андан кийин колу-буттарында пайда болот.

Кызамык эмнеси менен коркунучтуу?

Иммунитети начар бейтаптар оорунун оор түрү менен ооруп калышы мүмкүн. Кулактын, мурун көңдөйчөлөрүнүн, өпкөнүн, мээ кабыкчаларынын сезгениши (энцефалит) пайда болуп, мээнин калыбына келбей турчу бузулууларына алып келет.

Андан башка эпилепсиялык талмага, көздүн чел кабыгынын бузулушуна жана көздүн көрбөй калуусуна, угуунун начарлашына алып келиши мүмкүн. Ошондой эле өлүм менен аяктаган учурлар дагы кездешет.

Кызамыктан кантип сактануу керек?

Кызамыкты алдын алуунун ишенимдүү жолу - бул эмдөө. Кыргызстандын эмдөө графигине ылайык, балдар КПК вакцинасын (кызылчага, эпидемиялык тепкиге жана кызамыкка каршы) 12 айында жана 6 жашында алышы зарыл.