Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун курулушу 2014-жылы башталып, өткөн жылдын декабрь айынын соңунда аяктады. Аталган жол Балыкчы — Кочкор — Арал — Казарман — Жалал-Абад менен өтөт. Жол ачылса жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга ыңгайлуу шарт түзүлүп, жол киренин да арзандашы күтүлүүдө. Бул ирет “Кабар” маалымат агенттиги аталган жол тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Азия өнүктүрүү банкынын инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу тобунун инженер-жолчусу Айбек Калмаматов менен маек куруп, бир катар суроолорго жооп алды.
— Саламатсызбы? Буга чейин түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун жаз айларында пайдаланууга берилери белгилүү болгон, тактап айтканда кайсы айда берилет?
— Түндүк-түштүк альтернативдүү жолун буюрса үстүбүздөгү жылдын май айында пайдаланууга беребиз деп турабыз. Жакын арада министрлер кабинети тарабынан так датасы белгиленгени турат. Жолдун ачылышына президент Садыр Жапаров жана бир катар бийлик өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.
—Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун өлкө үчүн социалдык-экономикалык мааниси кандай?
— Биринчиден үзгүлтүксүз каттап жүргөн жалпы жүргүнчүлөрдүн күйүүчү жана майлоочу майлары үнөмдөлөт. Экинчиден өлкөнүн ички соода жүгүртүүсү жакшырат. Себеби, түндүк-түштүк альтернативдик жолу 11,5 тоннага ылайыкташтырылып курулду. Бул оор жүк ташуучуларга көбүрөөк салмактагы жүктөрдү ташууга мүмкүнчүлүк түзүлдү дегенди билдирет. Жалпысынан алганда, аталган жолдун өлкөнүн өнүгүүсүнө мааниси зор.
—Аталган жолдо айдоочулар үчүн кандай коопсуздук чаралары каралган?
—Негизинен жолдун кооптуу аймагы болуп, жаңы курулуш жүргөн жерлери саналат. Бул аймактар жолдун 172 чакырымын түзөт. Тактап айтканда, Казарман менен Аралдын ортосу жана Жалал-Абад менен Казармандын ортосу. Жолдун ушул эки фазасында жаңы курулуш иштери жүрдү. Алсак, Казарман менен Аралдын ортосунда эстакадалык көпүрөлөр курулду. Мындан сырткары, жолду куруу учурунда инженерлер тарабынан кооптуу болгон жерлер аныкталып, үстүбүздөгү жылдын жай айларында дагы коопсуздукту камсыздоо максатында кошумча курулуш иштери жүргүзүлөт.
Баса белгилеп айта кетүүчү нерсе, Бишкек — Ош жолунан айырмаланып, түндүк-түштүк альтернативдүү жолу бир топ эле коопсуз. Биринчиден аталган жолдогу ашуулар жапызыраак, экинчиден жол бир кыйла кенен.
Анан албетте жолдун кыскарышы. Оштон Нарынга же Ысык-Көлгө келген жүргүнчүлөр мурда Бишкек шаарын айланып өтүшчү же болбосо Кожомкулдагы шагыл жол менен айдоого мажбур болуп келишкен, эми жолдун ачылышы менен жол бир кыйла кыскарат.
Ошондой эле жол өлкөнүн кооз жерлерин көрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Мисалы, Жумгалдан өткөндөн кийин Өрнөк айылындагы каньондорду, Нарын дарыясы менен Көкөмерен суусунун кошулган жери, Тогуз-Торо районундагы Саймалуу-Таш коругун көрүүгө болот. Бул жерлердин кооздугун сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес. Ошондой эле Камбар-Ата-1 ГЭСи курулса, түндүктөн дагы, түштүктөн дагы ГЭСке жетүү жеңил болот.
—Тактап айтканда, канча убакыт үнөмдөлөт?
— Бишкек — Ош жолуна салыштырмалуу убакыт бир топ үнөмдөлөт. Жүргүнчүлөр орто эсеп менен Жалал-Абад облусунан Балыкчы шаарына чейин 6 саатта жете алат.
—Жол ачылса өтүү үчүн акы алынабы?
—Азырынча белгисиз, мамлекет тарабынан мындай чечим чыга элек.
—Долбоорго канчага акча каражаты жумшалды жана кимдер тарабынан ишке ашырылды?
—Долбоор Кыргыз жолтранс долборлоо жана изилдѳѳ институту тарабынан даярдалган. Жалпысынан 887 млн доллар каралган. Долбоор Кытайдын “Эксимбанкы”, ошондой эле Азия өнүктүрүү банкы, “Ислам өнүктүрүү банкы” тарабынан каржыланды. Ири курулушту кытайлык China Road and Bridge компаниясы ишке ашырды.
Маектешкен Акназик Тургунбаева, Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги.