Садыр Жапаров бийликке келгенде, өлкөдөгү коррупциянын деңгээли туу чокуга жеткен. Себеби, мурунку бийликтегилердин бул ыплас ишке өздөрү түздөн-түз аралашпаса дагы, шалаакылык кылып, коррупцияны ооздуктаганга алы жеткен эмес. Эксперттер дагы өлкөдөгү коррупциянын өсүшүнө бийликтин тиешеси жок деп айтуу кыйын экендигин белгилешет. Кыргызстанда коррупцияга президенттердин жакындары аралашып кеткен мисалдар көп эле болгон. Жаңы бийлик коррупция менен өлкөнүн өнүгүүсү деген эки түшүнүк чогуу болбоорун жакшы түшүнүп, бул илдетке каршы чоң күрөш жарыялаган.
Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөш үч этапка бөлүнгөнүн айткан эле. Анын айтымында, биринчи мезгил оор болгон, бирок ал бүттү. Мындан да татаал иштер алдыда турат, анда «мыйзамда каралган жазалар максималдуу түрдө колдонулат» деп ишендирген. «Бул күрөштү үч этапка бөлдүк, биринчиси- күрөштү системалаштыруу, багыттарды аныктоо. Экинчиси- мыйзам чегинде жазаны катаалдаштыруу, үчүнчүсү - маалымат берүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жетишкен жыйынтыктарды бекемдөө.
Биринчи этап жаңы эле аяктады, биз ойлогондой оңой болгон жок. Үч ай, ашып кетсе алты ай кетет деп ойлогонбуз, бирок 2,5 жылга созулду. Бул көп эмгекти, туруктуулукту, чынчылдыкты жана чыдамкайлыкты талап кылды. Биз экинчи этапты баштаганы турабыз, анын алкагында мыйзамда каралган жазаларды максималдуу түрдө колдонобуз. Буга чейин кармалган коррупционерлерге ири суммадагы зыяндын орду толтурулуп, соттун чечими менен жеңил жазалар каралган. Эми коррупционерлерге келтирилген зыяндын ордун толтурбастан, соттун чечими менен биз алардын бардык мүлкүнө эң оор жазаны колдонобуз жана көзөмөлгө алабыз. Экинчи этап 1-1,5 жылга созулат деп ойлойм. Бул абдан кыйын болот жана жеке мен баарынан баш тартууга аргасыз болом. Балдардан, туугандардан, достордон жана шериктештерден, тууган-туушкандардан жана башка нерселерден баш тартууга туура келет»,-деген ал.
Өткөн жылдын акыркы күнүндө президент Садыр Жапаров “Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койгон. Бул мыйзам 2024-жылдын 25-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Бул мыйзам мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жана коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн жазаны катаалдатуу жана чектөөлөрдү белгилөө жолу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштардын алдын алуунун таасирдүү рычагдарын түзүү максатында иштелип чыгып, кабыл алынган.
Камчыбек Ташиев билдирүү жасаганда ар дайым аткаминерлерге эскертип, профилактикалык иштерди тынымсыз жасап турат.
«Мыйзамды бузбай, ишиңерди ак ниетиңер менен аткаргыла, коррупцияны токтоткула, сурабагыла, албагыла, мындан ары мыйзам чегинде мыйзам бузгандарга катуу чаралар көрүлөт. Бандиттер, бирөөнүн мүлкүнө көзүн арткан каракчылар, контрабандачылар, мамлекетти алдаган шылуундар – баарыңар мыйзам боюнча жооп бересиңер. Бул өтө татаал, оор жана коркунучтуу иш, бирок мен аны аткарам, башка жолум жок. Же коррупционерлер мени жеңет же мен аларды мыйзам менен тартипке салам”,- деп айтып келет УКМКнын төрагасы.
Бүгүн өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөш өзүнүн жемиштерин берип жатканын эч ким тана албайт. Карапайым эл 30 жылда болбогон иштерди көрүп, күбө болгонун айтып, абал мурдагыдай эмесин жакшы түшүнүп, мындан ары мамлекеттик кызматтарда таза адамдар иштешине ишенет. Ошондуктан, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөштө алдыга койгон максаттарынын аркасында 1,5-2 жылдын ичинде мамлекеттик кызматта иштегендер болуп көрбөгөндөй өзгөрөт деп ишеним бар.
Коомубуз бийлик тарабынан коррупцияга каршы жасап жаткан бардык аракеттерин, алардын ичинде, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү, cалык жана бажы органдардагы фискализациялоо процессин колдоого жана коррупциянын түрлөрүн байкап калса билдирип турууга милдеттүү деп белгилейт эксперттер.
“Ички жана тышкы инвесторлор, бизнес чөйрөсүндөгүлөр коррупциялык көрүнүштөр кандай кысым кылып жатканын, “үлүш” сурап, “крыша” болобуз деп коррупциялык аракеттерге барып жатканын тийиштүү органдарга айтып туруу зарыл,”- дейт президенттин алдындагы Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин мүчөсү Ялкун Даутов.
Эксперттин айтымында, коррупция боюнча кылмыш иштердин тандалма козголушуна жол берилбеш керек. Эгер кылмышкер акчаны төлөсө, бул ага жеңилдик бериши мүмкүн, бирок ал баары бир жазасын алат. Юридикалык тили менен айтканда, чыгымды төгүү кылмышкерди куткарбайт.
“Иликтөөчү журналисттерге, антикоррупциялык активисттерге чабуул болушуна жол берилбеш керек. Ачык-айкындуулуктун жоктугу коррупциянын эң негизги себептеринин бири болуп саналат. Отчёттуулук жана кирешелерди декларациялоо боюнча талаптар аткарылышы керек. Укук коргоо органдарынын калыс эместигине дагы жол берилбеш керек”,- дейт Ялкун Даутов.
Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев бийликке келген соң коррупциядан тышкары криминал жана уюшкан кылмыштуулук менен кескин күрөшүүгө сөз беришкен. Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти жетектей баштаган 2020-жылдын күз айларында “мындан ары Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топ болбойт” деп билдирүү жасаган.
2023-жылы Ички иштер министрлиги “Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамынын жаңы редакциясын иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарган.
“Бул мыйзамдын жаңы редакциянын негиздемесинде көрсөтүлгөндөй, документ уюшкан кылмыштуулукту жоюу, анын идеологиясын жана финансылык-материалдык негиздерин кыркуу максатында иштелип чыккан. Анын ичинде уюшкан кылмыштуулукка тиешеси бар адамдардын мамлекеттик бийлик органдарына кирүүсүнө жол бербөө, уюшкан топтордун жана кылмыштуу жамааттардын ишинин алдын алуу жана бөгөт коюу жана башка милдеттер да камтылган. Уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө жазаны күчөтүүгө ылайык, мындай топторго кошулгандарды өмүр бою абакка кесүү чарасы киргизилгени жатат. Мындан сырткары кылмыштардын эскирүү мөөнөтү алынышы мүмкүн”,- дейт Ялкун Даутов.
Мыйзамда уюшкан кылмыштуу топтордун тизмеге киргизилгендердин мүчөлөрүнүн банктык эсептери, ишмердиги жөнүндө маалыматтарды чогултуу, жашаган жеринен жер которуусун чектөө сыяктуу беренелер бар. Мындан сырткары алар менен күрөшүүчү органдардын ыйгарым укуктары кеңейтилип жатат. Кылмыштуу топтордун өкүлдөрүнүн кылмыштуу чогулуштарына катышкандардын мүлкү конфискация болуп, өздөрү 10 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылат. Башка кылмыштардын жаза мөөнөттөрү күчөтүлүп, өмүр бою эркинен ажыратылуучу кылмыш белгилеринин саны көбөйтүлдү.
“Атайын кызмат Камчы Көлбаев менен байланышта болгон жана кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү деп саналган 100дон ашык адам кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 млрд долларлык активдер камакка алынганын билдирген. Андан бери Бишкекте, Ошто жана башка аймактарда уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар бир катар кишилер кармалды”,- деп белгиледи Даутов.
Кыскасы, коомдо абийирдүү жарандарга, өлкөнүн өнүгүшүнө, коопсуздугуна кол салган душман сыяктуу кылмышкерлердин образы толук түзүлмөйүнчө, акыры аларды жок кылмайынча, коррупцияга, кылмыштуулукка каршы күрөш улана берет.