Бишкек, 22.01.25. /Жазгүл Мадинова - Кабар/. Күн мурун Бишкек шаарында Кытайдын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Лю Цянпин менен жолугушуу жана Кытайдын жаз майрамын утурлай иш-чара өттү.
Ага Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев баштаган бийлик өкүлдөрү, саясат таануучулар, Жогорку Кеңештин депутаттары жана элчиликтин кызматкерлери катышты. Эки саамалыкты бириктирген иш-чараны оболу Кытай элчиси Лю Цянпин ачып, бул дипломатиялык миссияны жоопкерчиликтүү аткарууга белсенгенин билдирди.
“Тагдыр мени мурда эле Кыргызстан менен байланыштырып койгон. Мен Кытайда көп жылдар бою Борбор Азия иштерин жетектеп келдим. Бул аралыкта кызматтык иштер менен Кыргызстанга да келип кеткем. Бул жер мага өзүнүн меймандостугу менен абдан жакшы таасир калтырган. Менин дипломатиялык карьерам Кыргызстан менен тыгыз байланышта десем болот”, – деп белгиледи Лю Цянпин.
Ал эми министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев белгилегендей, кыргыз–кытай кызматташтыгы бүгүнкү күндө негизги стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жетти. Соңку жылдары Кытай менен болгон коңшу жана достук мамиле чыңдалып, соода-алака арбыды. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу, “Бедел” көзөмөл-өткөрүү пунктунун ачылышы эки мамлекет үчүн маанилүү кадамдардын бири болуп калды.
“Өткөн жыл эки өлкөнүн кызматташтык мамилеси үчүн тарыхый окуяларга бай жылдардан болду. Биз мега долбоор Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун курууну баштадык. Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек арасындагы “Бедел” өткөрмө пункту ачылды. Бул Кытай менен стратегиялык өнөктөштүктүн өнүгүшүндөгү маанилүү кадам”, – деп баса белгиледи Амангелдиев.
Ошондой эле иш-чарага катышкан Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева дагы сөз сүйлөдү.
“Бүгүн элчи өзүнүн жасай турган алдыдагы пландарын айтып өттү. Биздин үмүтүбүз зор. Мына абдан тажрыйбалуу, татыктуу элчи келиптир. Буюрса бул биздин мамлекет үчүн дагы, кытай эли үчүн дагы татыктуу иштеп берет деп үмүттөнөм. Андыктан акын менен элчиге өлүм жок деп айтылат. Булар дайыма көпүрө болуп, элге ак дилден кызмат кылат деп ишенебиз” , – деди депутат.
Буга чейин Кытайдын Кыргызстандагы элчиси кызматын Ду Дэвэнь аркалап, ал дипломатиялык миссиясын өткөн жылы декабрь айында жыйынтыктады. Аны кызматтан кетер алдында өлкө башчысы Садыр Жапаров кабыл алып, кыргыз-кытай мамилелерин өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирген.