Кыргызстан 2024-жылы салык чогултуу боюнча рекорддук көрсөткүчкө жетти

Экономика Загрузка... 23 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 23.01.25. /Кабар/. 2024-жылы Мамлекеттик салык кызматы салык чогултуунун рекорддук көрсөткүчүнө жетип, өлкөнүн бюджетине 228,2 млрд сом жыйнаган.

Ведомствонун маалыматына ылайык, келип түшүүлөрдүн негизги булактары төмөнкүлөр болду:

– Ички товарларга КНС – 39,4 млрд сом,

– ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импортко КНС – 37,9 млрд сом,

– Киреше салыгы – 26,5 млрд сом,

– Пайда салыгы – 20,1 млрд сом,

– Алтын казуучу компаниялардын кирешелерине салык – 16,1 млрд сом,

– Бирдиктүү салык – 15,08 млрд сом,

– ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импортко акциз – 13,3 млрд сом.

1.716x0-is.png

2023-жылга салыштырмалуу келип түшүүлөрдүн өсүшү байкалууда:

– Ички товарларга КНС 9,6 млрд сомго көбөйдү (+132,4%),

– ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импортко КНС – 5,2 млрд сомго (+115,9%),

– Киреше салыгы – 4,7 млрд сомго (+121,4%),

– Пайда салыгы – 2,5 млрд сомго (+114%),

– Алтын казуучу компаниялардын кирешелерине салык – 5,5 млрд сомго (+152%),

– ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импортко акциз – 587,7 млн сомго (+104,6%).

3.716x0-is.png

Өзгөчө бирдиктүү салык боюнча түшүүлөр 212,6% га же 8 млрд сомго өсүшү байкалат, бул салыктардын бардык түрлөрүнүн ичинен рекорддук көрсөткүч болуп калды.

Белгилей кетсек, салык жыйымдарын көбөйтүү салыктык башкарууну жакшыртуу, күчөтүлгөн мониторинг жана талдоо, ошондой эле заманбап санариптик технологияларды киргизүү аркылуу ишке ашты.