Бишкек, 15.11.2024. / Кабар /. 13-14-ноябрда Баку шаарында Кыргызстандын министрлер кабинетинин демилгеси, ЕККУнун колдоосу жана Азербайжандын көмөгү менен "Адам" экологиялык балет спектакли көрсөтүлдү.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, спектакль өтүп жаткан БУУнун Климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык конвенциясынын тараптарынын 29- конференциясынын (КОП-29) алкагында коюлду.
Спектакль Азербайжан мамлекеттик академиялык музыкалык театрында коюлду жана КОП-29 конференциясына катышып жаткан чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын делегацияларынын, ошондой эле Баку шаарынын тургундарынын чоң кызыгуусун жаратты.
Сахнада А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жаш аткаруучу-артисттери өнөрлөрүн тартуулашты. Балетмейстер А.Мамбеталиева, Режиссёрлор - Ч.Замирбеков, А.Мамбеталиева, Сүрөтчү Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Ю.Нурматов, костюмдар боюнча Сүрөтчү В.Олейникова, Композитор К.Календаров.
Спектаклдин ачылышында Кыргызстандын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М.Машиев жана Азербайжандын Маданият министринин орун басары М.Гусейнов куттуктоо сөзүн сүйлөштү.
Спектаклди коюунун максаты экологиялык жана климаттык көйгөйлөргө карата коомчулуктун көңүлүн буруу.
"Адам" балет спектакли 2022-жылы "Артис" театрынын жаш артисттеринин демилгелүү тобу тарабынан А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры менен биргеликте жана "СКЗЭ" коомдук уюмунун, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу астында түзүлгөн. Спектаклде бий менен музыканын айкалышы аркылуу экологиянын жана табигый тең салмактуулукту калыбына келтирүүнүн маанилүү маселелери көтөрүлөт. Спектаклдин көнүл борборунда адамдын айлана-чөйрөнүн булганышынын кесепеттери менен күрөшү жана бардык нерсеге карабастан калыбына келүүсүнүн жолун тапкан жаратылыш жөнүндө айтылат.