Кыргызстан чакырыктар менен коркунучтарга жооп катары күч түзүмдөрүн чыңдоодо

Аналитика Загрузка... 22 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

зүнүн армиясын баккысы келбеген эл, башка бирөөнүн армиясын багууга аргасыз болот" деген сөздөрдү Наполеон Банопартка таандык деп айтышат. Ким айтса дагы, таамай айтылган сөздөр. Акыркы мезгилде дүйнөдөгү түзүлгөн кырдаал, болуп жаткан кандуу окуялар, мисалы Украина, Палестинадагы согуштар, ар бир өлкөнүн бийлик башындагыларды армия жөнүндө, аны аскер куралдары менен жабдуулоону жөнүндө аргасыз ойлондурат. Экономикасы өнүккөн мамлекеттер бул көйгөйдү оңой эле чече алат, ал эми жакыр өлкөлөр үчүн бул маселе абдан оор көрүнөт. Себеби, аскер күчтөрү көп каражатты талап кылган күч структурасы. Бирок ансыз дагы болбойт. Армиясыз өлкө - өзүн алсыз сезет.

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин советтер союзунан калган аскер куралдарга ээлик кылып келген. Албетте, алардын арасынан эскилиги жетип, жарактан чыгып калгандары дагы болгон. Бирок, иштеп турган аскер техникаларын ошондогу бийликтегилер сактап калуунун ордуна сатып жиберишкен. Мисалы, Кыргызстанда бир топ тик учактар бар эле. Тилекке каршы, алар дагы чет жака сатылып кеткен.

Аскер кызматкерлеринин айлык акылары өтө төмөн болчу. Мындан улам учкучтар чет өлкөлөргө жалданып, үй-бүлөлөрү менен чыгып кеткен учурлар катталган. Ал тургай айлык-маянанын айынан, үй-бүлөлөрүн бага албай көптөгөн аскер кызмакерлери кесибин алмаштырууга мажбур болушкан. Аскердик кызматтын ишеними жана кадыр-баркы кескин төмөндөп, бул кесипти жаштар тандабай калышкан.

Бул көрүнүш 30 жыл бою созулуп келди. Акыркы төрт жылда гана Кыргызстанда Куралдуу Күчтөрдү чыңдоо боюнча олуттуу кадамдар жасалды. Жалгыз армияны гана эмес, Ички иштер министрлигин жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин да иши чыңдалганын белгилейт Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун директору Токон Мамытов.

“Каржылоо жана кайра куралдандыруу 2021-жылдан бери башталып, коргонууга 120 млрд сомдон ашык (болжол менен 1,3 млрд доллар) бөлүндү, бул курал-жарактарды жана материалдык-техникалык базаны жаңылоого чоң мүмкүндүк берди. Атайын бөлүктөрдү өнүктүрүү максатында, атайын багыттагы күчтөргө өзгөчө көңүл бурулуп, алардын күжүрмөндүүлүгү жана эффективдүүлүгү жогорулап, УКМКнын жана Чек ара кызматынын атайын бөлүктөрүнүн саны көбөйтүлдү. Ички иштер министрлигинин автопарктары 90 пайызга жаңыланып, 1000ге жакын жаңы унаалар алынып, жергиликтүү оперативдүү кызматтар күчөтүлдү”, - деди Токон Мамытов.

Акыркы жылдары мамлекеттин армияга болгон мамилеси түп тамырынан бери өзгөргөнүн байкадык деп белгиледи эксперт Эдил Марлис уулу “Кабар” маалымат агенттигине берген комментарийинде.

«Азыр биздин чалгындоо кызматтары менен куралдуу күчтөрүбүздө эмнелер бар экенин тактап атабай эле коеюн. Бирок мен ишенимдүү түрдө айта алам, алар 5 жыл мурункудай кейиштүү абалда эмес жана аларды курал-жарак менен камсыз кылуу жогорку деңгээлде. Бул жерде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин академиясынын ачылышын белгилеп кетким келет, анда биз өзүбүздүн өзгөчөлүктөрүбүздү эске алуу менен чалгынчыларды даярдайбыз.

Албетте, ар тараптуу коопсуздукту коңшу мамлекеттерден бөлүп кароого болбойт. Бул багытта да биз олуттуу ийгиликтерге жетиштик. ЖККУ, ШКУ жана TМУнун алкагында кызматташуу аймактык стабилдүүлүктү сактоонун жана замандын чакырыктары менен коркунучтарына биргелешип каршы туруунун маанилүү компоненттери болуп саналат. Азыр чалгындоо кызматтарынын өз ара аракеттенүүсүнүн деңгээли жогорулап жатат, бул чек ара коркунучтарын нейтралдаштыруу үчүн зарыл чара. Заманбап чакырыктар бардык Борбордук Азия мамлекеттеринин стабилдүүлүгүнө коркунуч туудурат деген айкын түшүнүк бар. Ошондуктан, азыр биз бири - бирибизге жөлөк болушубуз керек. Себеби, биздин кайсы бир өлкөдө дестабилдүүлүк орун алса, бүтүндөй Орто Азияны олуттуу кесепеттерге алып келет. Ошондуктан, глобалдык туруксуздук учурунда биз сергек жана бирге болушубуз шарт. Ошондой эле быйыл Кыргызстандын ЖККУга төрагалык кылуусу да жакшы көрүнүш”, - деп баса белгиледи Эдил Марлис уулу.

Куралдануунун максаты заманбап коркунучтарга натыйжалуу жооп берүүгө жөндөмдүү мобилдүү жана кесипкөй армияны түзүү дешет эксперттер. Абадан коргонуу күчтөрү үчүн өлкөнүн аба чек арасын коргоо милдеттерин ийгиликтүү аткарып жаткан Печора-2БМ зениттик-ракеталык комплекси сатылып алынганы болду. Мындан сырткары аскердик-өнөр жай потенциалын калыбына келтирип, зарыл болгон ок-дарыларды чыгарган ишканаларын калыбына келтирүү пландаштырылган. Буга чейин, Кыргызстан Түрция мамлекетинен Чек ара кызматын аскер кулардары менен камсыздоо максатында «Акынжы» жана «Аксунгур» үлгүсүндөгү акыркы учкучсуз учуучу аппараттарды сатып алган.

Муну менен бирге эксперттер аскер кызматчыларын материалдык жактан камсыздоо жана аларды турак-жай менен камсыз кылуу маселелеринде бир кыйла жакшыргандыгын белгилешет. Эмгек акылар сезилерлик түрдө жогорулады, кызматтык батирлерди берүү мөөнөттөрү бир кыйла ылдамдады.

«Акыркы жылдары Бишкекте, Чүйдө, Баткен, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарында аскер кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйлөр курулуп, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жашоо шарты жакшырды. Ал эми алардын азыркы маянасы менен бир нече жыл мурун төлөнгөн маяналарды салыштырууга болбойт. Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин социалдык-турмуштук шарттарын жакшыртуу сыяктуу чаралар өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоодо жана күжүрмөн даярдыгын жогорулатууда да маанилүү роль ойнойт ”, - деп белгилейт Токон Мамытов.

Өлкөнүн коопсуздугу анын туруктуу өнүгүүсүнүн эң маанилүү шарты болуп саналат. Эксперттердин айтымында, алсыз өлкөлөр ар кандай чыр-чатакка тартылып, анын натыйжасында эгемендүүлүгүнөн, өз аймактарынан ажырап калуу коркунучунун алдында турушат. Ошондуктан, азыр, глобалдык өзгөрүүлөрдүн мезгилинде, коопсуздук блогунун эң маанилүү милдети – өлкөнүн чек арасын бүтүн сактап калуу гана эмес, мамлекеттин ичиндеги стабилдүүлүктүн жогорку деңгээлин сактоо болуп эсептелет.