Кыргызстанда 40 миңден ашуун ипотекалык батирлер курулуп жатат

Коом Загрузка... 15 Ноябрь 2024
укав

Бишкек, 15.11.2024. / Кабар /. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы 26,2 миллиард сомго чейин көбөйтүлдү, 2025-жылга дагы 12 миллиард сом каралды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Биз ар бир жарандын турак жайы болушу үчүн президенттин кыялын ишке ашырып жатабыз. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы 26,2 миллиард сомго чейин көбөйтүлүп, 2025-жылга дагы 12 миллиард сом каралган. Алдыдагы үч жылда Мамлекеттик ипотекалык компания 29 миллиард сом бөлөт, бирок бул каражаттар кайтарылууга тийиш, башкача айтканда компаниянын активдери ушул суммага көбөйөт. Республика боюнча 40 035 батирдин курулушу жүрүп жатат", - деди ал.