Бишкек, 15.11.2024. / Кабар /. Кыргызстанда жыл соңуна чейин 6 чакан ГЭС ишке кирет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Бала-Саруу, Ысык-Ата-1, Кайнама, Көк-Арт, Исфайрам-1, Курак-Тектир жана башка чакан ГЭСтер ишке кирди. Азыр өлкөдө жалпысынан кубаттуулугу 121,5 МВт болгон 33 чакан ГЭС иштеп жатат.
"Токтогул ГЭСнин реконструкциясы 2025-жылдын аягына чейин кошумча 240 МВтка дагы көбөйөт. Мындан тышкары, Камбар-Ата-2 ГЭСинин кубаттуулугу 2028-жылга чейин дагы 120 МВтка көбөйтүлүп, Үч-Коргон ГЭСинин кубаттулугу азыр 180 МВт болсо, 2027-жылы 216 МВтка чейин (+36) жогорулатылат”, – деди Акылбек Жапаров.