Бишкек, 15.10.2024. / Кабар /. Үстүбүздөгү жылдын 8-10-октябрь күндөрү Астана шаарында өткөн АSTAUfest-2024 V эл аралык гастрономия фестивалында Бишкек шаарындагы №97 темир жолчулар кесиптик лицейинин устаттары жана окуучулары байгелүү орундарга ээ болушту.
Билим берүү жана илим министрлигининен билидиришкендей, фестивалга Казакстан, Корея, Кыргызстан, Орусия, Өзбекстан жана Түркиядан 95 тен ашуун өкүлдөрү катышып:
- Айбике Батырканова 1-орун;
- Давид Макарцев 2-орун;
- Мирбек Абдилахатов 3-орун;
Өндүрүштүк окутуун устаттары Гулшод Исакбаева жана Баалы Абыкаева – 2-орундарга ээ болушту.
Ошондой эле, фестивалдын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы №97 темир жолчулар кесиптик лицейи менен Астана шаарындагы коомдук тамактануу жана тейлөө колледжинин ортосунда кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду.