Кыргызстандын 60тан ашык айыл чарба продукциясы 80ге жакын өлкөгө экспорттолууда

Экономика Загрузка... 30 Январь 2025
WhatsApp Image 2025-01-30 at 13.57.20.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 30.01.25. /Кабар/. Кыргызстандын 60тан ашык айыл чарба продукциясы 80ге жакын өлкөгө экспорттолууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев “Агродиалог-2025” форумунун жүрүшүндө айтты.

Белгилей кетсек, 28-январда тарта Бишкектеги өтүп жаткан форумдун максаты Кыргызстандын агрардык тармагын жаңы деңгээлге чыгарууга, заманбап технологияларды ишке ашырууга жана тажрыйба алмашуу менен жаңы жетишкендиктерди камсыз кылууга багытталган.

Ошондой эле Бакыт Төрөбаев айыл чарба тармагындагы жетишкендиктер, жаңылануулар дыйкан-фермерлердин, жеке ишкерлердин, агроөнөр жай багытындагы ийгилик жаратып жаткан чемпиондордун талыкпаган эмгегинин натыйжасында ишке ашып жатканын баса белгиледи.

“2024-жылы айыл чарбасынын жалпы дүң продукциясын өндүрүү көлөмү 395 млрд 637 млн сомду түзүп, бул 2023-жылга салыштырмалуу 6,3 пайызга өскөн. Өсүш мал чарбанын 3,1 %, ошондой эле өсүмдүк өстүрүү продукциясын 10,3%га көп өндүрүүнүн эсебинен камсыздалган.

Ал эми кайра иштетүү өнөр жай тармагында 87 млрд 358 млн сомдук продукция иштетилип, физикалык көлөмдүн индекси (өсүү темпи) 120,1 % түзгөн. Продукцияны экспорттоо 34 млрд 171 млн сомду түзүп, былтыркы жылдын деңгээлиндеги көрсөткүч камсыз болгон. Өлкөбүздүн 60тан ашуун айыл чарба продукциялары дүйнөнүн 80ге жакын өлкөлөрүнө экспорттолуп жатат”, - деген Бакыт Төрөбаев мындай жакшы көрсөткүчкө жетүүдө дыйкан-фермерлердин ролу чоң экендигин белгиледи.