Бишкек, 30.01.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров социалдык кызматкерлердин 550 жаңы штаттык бирдигин киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду, алардын милдети - турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды ар тараптуу колдоо жана коргоо болуп саналат.
Бул кадам балдардын бакубат жашоосун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясаттын маанилүү элементи болуп саналат жана өлкөдө биринчи жолу социалдык колдоо системасын мындай масштабдуу күчөтүүнү камсыздайт.
Жаңы социалдык кызматкерлер балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоп, катаал мамилеге, зордук-зомбулукка жана кайдыгерликке ыкчам жооп кайтарышат, ошондой эле алардын алдын алуунун үстүндө иштешет. Алардын иш-аракеттери ар бир баланын жашоосу жана өнүгүүсү үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө багытталган.
Ушул жылдын 1-февралынан тартып региондордо иштей турган жана колдоого муктаж балдарга даректүү жардам көрсөтө турган адистерди кабыл алуу жана даярдоо этабы башталат.
Бул жарлыктын кабыл алынышы мамлекеттин балдарды социалдык жактан колдоонун эффективдүү системасын түзүүгө жана алардын жыргалчылыгына коркунуч келтирбөөгө умтулуусун баса белгилейт. Социалдык кызматкерлерди ишке киргизүү Кыргыз Республикасында балдарды коргоо институтун өнүктүрүүдө маанилүү кадам болмокчу.
Эскерте кетсек, мамлекет башчысы өткөн жылдын май айында “Жаңы кадам” социалдык мобилизациялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеде сүйлөгөн сөзүндө балдарды колдоо боюнча чараларды күчөтүүнү жарыялаган.
“Биз балдарыбыздан эч нерсе аяган жокпуз, аябайбыз дагы! Убагы келгенде баарын орду-ордуна коебуз. Буюрса балдарыбыздын жөлөк пулдарынын өлчөмүн да көбөйтөбүз. Акыркы убакта балдарга карата зордук-зомбулук жана ушул сыяктуу жагымсыз фактылар көбөйгөнүн байкап жатабыз. Мамлекет бул маселени эч качан көңүл сыртында калтырбайт. Биз ар бир баланын бакубат жашоосу үчүн жооптуубуз. Ошондуктан, 1-июнь – Балдарды коргоо күнүн утурлай балдар боюнча атайын социалдык кызматкерлердин жаңы 550 штаттык бирдиги ачыларын билдирем, алардын санын көбөйттүк. Балдардан үнөмдөөгө акыбыз жок, ошондуктан штаттык бирдигин көбөйтөлү деп жатабыз”, - деп белгилеген Садыр Жапаров.