Минкаб төрагасы Ош облусундагы бир катар объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты

Министрлер кабинети Загрузка... 24 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 24.01.25. /Кабар/.Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ноокат районунда органикалык айыл чарба жер семирткичтерин чыгаруучу заводунун курулушу менен таанышты. 

Курулуш иштери 2024-жылы башталган. Долбоордун баасы 260 млн долларды түзөт. Завод ишке кирсе 2 миң адам иш менен камсыз болот. Заводдун долбоордук кубаттуулугу жылына 500 миң тонна жер семирткич чыгарат.

Курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышкандан кийин, тиешелүү мамлекеттик органдарга инвестициялык долбоорду ишке ашырууда колдоо көрсөтүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары, минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан Ош шаарында ишке ашырылып жаткан турак жай комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Курулуш иштери аяктагандан кийин бул батирлер “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын катышуучуларына “Социалдык ипотека”, “Жеңилдетилген ипотека”, “Жеткиликтүү ипотека” багыттары боюнча, ошондой эле үлүштүк турак жай курулуш механизминин алкагында берилет. Жалпы 542 батирлүү бул турак жай комплекси 8 блоктон турат.