Нарын облусунда STEM мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча тренингдер өтүүдө

Коом Загрузка... 22 Январь 2025
470183822_1006162681557476_7166001934381013490_n_730x0.730x0.jpg

Бишкек, 22.01.25. /Кабар/. Кыргызстан боюнча жүрүп жаткан STEM мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу курстары Нарын облусунда дагы өтүүдө.

Министрликтен билдиришкендей, иш-чара Билим берүү жана илим министрлиги, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту тарабынан Азия өнүктүрүү банкынын “Секторду өнүктүрүү долбоору: Мектептик билим берүүнү реформалоо” долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылууда.

Белгилей кетсек, тренингдер өлкө боюнча 15 000 ашык мугалимди камтыйт.