Бишкек, 17.11.2024. / Кабар /. Нарын облусу боюнча саат 12:00гө карата 21 миң 474 шайлоочу добуш берди.
Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бул жалпы шайлоочулардын 9,1 пайызын түзөт.
БШКнын Нарын, Ак-Талаа, Ат-Башы жана Нарын шаары боюнча өкүлү Бакыт Өмүралиев белгилегендей, учурда облус аймагындагы добуш берүү тилкелеринде мыйзам бузуулар катталган жок.
Бүгүн Нарын облусу боюнча 169 шайлоо тилкесинде добуш берүү жүрүүдө. 500 дөй ички иштер органдарынын кызматкерлери шайлоо тилкелеринде кооопсуздукка көзөмөл кылууда.
Нарын облусунда 221 миң 100 шайлоочу бар.