Ош облусунда шайлоочулардын 22,8%ы добуш берди

Коом Загрузка... 17 Ноябрь 2024
whatsapp_image_2024-11-17_at_18_27_18.730x0

Бишкек, 17.11.2024. / Кабар /. Ош облусу боюнча саат 18:00гө карата 22,8 пайыз же 179 миң 592 жаран өз добушун берди.

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, аймактагы бардык шайлоо тилкелерде добуш берүү өз нугунда жүрүүдө.

Облуста жалпы шайлоочулардын саны 792 270 жаранды түздү.

Жалпы 492 шайлоо тилкеси ачылган.

Ош облусу боюнча 58 айылдык кеңеште, 3 шаардык кеңеште шайлоо өтүүдө. Жалпы 1541 мандатка талапкерлер ат салышууда.

Добуш берүү саат 20:00дө жыйынтыкталат.