Ош шаардык кеңешине шайлоонун алдын ала жыйынтыгы айтылды

Коом Загрузка... 17 Ноябрь 2024
whatsapp_image_2024-11-17_at_18_46_45.730x0

Бишкек, 17.11.2024. / Кабар /. Ош шаардык кеңешине алдын ала жыйынтыктар боюнча 5 пайыздык шайлоо босогосунан 5 партия өттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйынында билдирди.

Шайлдабекованын айтымында, алдын ала жыйынтыктар боюнча, 5% шайлоо босогосунан төмөнкү партиялар ашкан:

  • “Жаңы Кыргызстан” – 43,36 %;
  • “Ынтымак” – 20,02%;
  • "Мурас" – 15,15%;
  • "БИР БОЛ" – 9,75 %
  • "Милдет" – 10,43 % добушка ээ болушту.

Ал эми Ош шаарында шайлоочулардын 1,33%ы “баарына каршы” деп добуш берген.