Садыр Жапаров ЖККУ кеңешинин сессиясына катышуу үчүн Астананын Эгемендүүлүк сарайына келди

Президент Загрузка... 28 Ноябрь 2024
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous

Бишкек, 28.11.2024. / Кабар /. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына (ЖККУ ЖКК) катышуу үчүн Астана шаарынын Эгемендүүлүк Сарайына келди.

Иш-чарага келген өлкөлөрдүн лидерлерин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды.

Саламдашуу жана чогуу сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин делегация башчылары жыйындар залына өтүштү.

ЖККУ ЖККнын ишине Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Россиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана уюмдун баш катчысы Имангали Тасмагамбетов катышууда.