Шыкмаматов бизнес менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу боюнча кеңешме өткөрдү

Коом Загрузка... 29 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы

Бишкек, 29.01.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов коомдук уюмдардын, бухгалтердик коомчулуктун жана IT-компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Ведомстводон билдиришкендей, талкуунун негизги темасы салык төлөөчүнүн кабинетинин ишин оптималдаштыруу, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз системасындагы процесстерди автоматташтыруу жана бизнес менен салык органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртуунун жолдору болду.

Шыкмаматов Салык кызматы бизнес жүргүзүү үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзүүгө умтуларын, ал эми пилоттук долбоорду ишке киргизүү ишкерлерге карата салыктык милдеттенмелерди аткарууга убакытты жана ресурстарды сарптоону минималдаштырууга мүмкүндүк берген маанилүү кадам болуп саналарын белгиледи.

Өз кезегинде бизнес өкүлдөрү долбоорго активдүү катышууга даяр экендигин билдирип, салык органдары менен конструктивдүү сүйлөшүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти. Санариптик куралдарды өркүндөтүүгө багытталган биргелешкен иштер, салыктык башкаруунун кыйла натыйжалуу жана ачык системасын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча реалдуу убакыт режиминде контролдук-кассалык машиналардын системасын ЭТТК менен интеграциялоону тестирлөө үчүн бизнестин ар кандай чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен пилоттук долбоорду ишке киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Пилоттук долбоордун максаты — эсепке алууну автоматташтыруу жана жөнөкөйлөтүү аркылуу ишкерлер үчүн административдик жүктү жана чыгымдарды азайтуу. Реалдуу колдонуучулардын катышуусу менен кызматты тестирлөө мүмкүн болгон көйгөйлөрдү аныктоого жана зарыл болгон жакшыртууларды ыкчам киргизүүгө мүмкүндүк берет.