Бишкек, 25.01.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов фармацевтика чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, анын жүрүшүндө тармактагы салык төлөө жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТК) колдонуу маселелери талкууланды.
Салык кызматынан билдиришкендей, иш-чарага салык кызматынын жетекчилиги, Саламаттык сактоо министрлигинин жана фарм чөйрөнүн өкүлдөрү катышты. Фармацевтикалык сектордун өкүлдөрү электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды киргизүүдө пайда болгон кыйынчылыктарды белгилешти.
Алмамбет Шыкмаматов электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды колдонуу импорттоочулар, өндүрүүчүлөр жана ири соода тармактары үчүн милдеттүү бойдон кала берерин баса белгиледи.
Ошондой эле дары-дармек каражаттарын эсепке алууну жөнөкөйлөтүү үчүн электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды "1С-Бухгалтерия" системасы жана дары-дармектердин электрондук маалымат базасы менен интеграциялоо каралууда.
"Чакан жана орто бизнес үчүн дары-дармектердин электрондук маалымат базасын электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз менен бириктирүүнү камтыган чечим иштелип чыгууда, бул ишкерлерге маалыматтарды бирдиктүү платформада толтурууга мүмкүндүк берет. 1 – мартка чейин бул чечимди иштеп чыгуу үчүн мөөнөтүбүз бар", - деп белгиледи салык кызматынын башчысы.
Алмамбет Шыкмаматов фармацевтика тармагындагы ишкерлер арасында салык сабаттуулугун жогорулатуу зарылдыгына басым жасады. Бул мамлекеттин кызыкчылыктарын сактоо жана бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн маанилүү шарт болуп саналат.