Сезон кызыган учурдагы кызылча конвейери

Бизнес Загрузка... 06 Ноябрь 2024
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Бюро коммуникаций TAGS

Учурда Чүй облусунда жайгашкан Беловодск айылында кант кызылчасын кабыл алуу кызып турган кез. Таӊ аткандан кечке чейин мында жумуш кайнайт: тамыр жемиш жүктөгөн жүк ташыгыч унаалар арты артынан тынбай келип, кызылча кабыл алуу жайынын чегинен тышкары узакка созулган узун кезекти түзүшөт.

Сезондогу иштин өзгөчөлүгү

Кант кызылчасын жыйноо жана кабыл алуу сезону - Беловодск кызылча кабыл алуу пункту үчүн (ККП) жумуш эӊ көп мезгил. Быйыл жагымдуу аба-ырайынын таасири менен кызылчанын түшүмдүүлүгү өткөн жылга салыштырмалуу бир топ жогору болду.

«Фермерлер буга чейин өстүрүлгөн түшүмдүн 65% тапшырып коюшту, бул өткөн жылдардын графигинен бир кыйла ашып кетти», - дейт кызылча кабыл алуу пунктунун башчысы Рашид Осмонкулов.

- «Азыркы учурга карата 103,8 миӊ тонна кызылча кабыл алынды, андан 48,5 миӊ тоннасы кайра иштетүүгө жөнөтүлгөн. Жалпы 140 миӊ тонна чийки зат кабыл алуу күтүлүп жатат, бул өткөн жылы кабыл алынган 97 миӊ тоннага салыштырмалуу абдан көп».

Кабыл алуу пунктунун аймагында 56 кызматкер иштейт. Ишкер жамааттын орточо курагы – 40 жаш. Алардын көпчүлүгү бул жерде көп жылдардан бери иштейт, өз ишин жакшы билет жана бардык жоопкерчиликти түшүнөт.

«Негизги иш жумушчуларга жүктөлгөн. Алардын жумушу оор», - деп белгиледи Осмонкулов.

Кезек кантип жылып жатат

Кызылча жүктөгөн жүк ташуучу унаалар Москва, Жайыл жана Сокулук райондорунан келип жатат. Өзгөчө быйыл Сокулук районунда түшүмдүүлүк абдан жогору болгон. Ар күнү ККП аркылуу 160 тартып, 180 чейин унаа өтөт.

«Эгерде машина кезектин аягына туруп калса, анда ал болжол менен бир сутка ичинде жүгүн төгүп кетет», - деп Осмонкулов түшүндүрдү.

Кабыл алуунун жүрүшү жөнгө салынган. Алгач машиналар жараксыз кызылчалар иргеле турган аянтка келет, ал жактан визуалдык кароодон өтөт. Андан соӊ бруттону тартыш үчүн таразага келишет. Андан кийин ар бир бешинчи унаа сапатты текшерүү – булгануу деӊгээлин жана канттуулугун аныктоо үчүн лабораторияга жөнөтүлөт. Бардык ушул жол-жоболордон кийин жүк ташыган унаа жүгүн төгүш үчүн кызылчаны кырдап жыйнай турган машиналарга жөнөтүлөт.

«Бир машинаны бошотууга орточо 20 мүнөт убакыт кетет», - дейт Осмонкулов. Азыр кагат талааларында он кагатка бөлүнгөн 42 миӊ тоннадай кызылча сакталып турат. Ал кызылча бул жактан темир жол менен «Кайыӊды-Кант» заводуна жөнөтүлөт. Күн сайын бир миӊ тоннага жакын чийки зат жүктөлөт, бирок атүгүл ушундай ыргак менен дагы камдыкты толук жеткирүү үчүн бир айдан ашык убакыт керек болот.

Айдоочулардын оор эмгеги

Жүк ташуучу унаалардын айдоочулары – кызылча сезонунун эмгекчилеринин өзүнчө категориясы. Сокулук районунун тургуну Уларбек Жумагулов бул ишке жакында кошулган.

- Сиз Сокулук районунан болосузбу? Быйыл иш кандай?

- Ооба, мен төртүнчү эле рейсти аткардым. Үч күн мурда иштей баштагам.

- Сизге жумуш жагып жатабы?

- Эми жакшы эле. Оор деп айта албайм. Рулду жакшы бураш керек, болду.

- Бир машина кезектен канча убакытта өтөт?

- Бир суткада бир жолу каттаганга жетишебиз. Кыймыл жай. Кээ бирөөлөр кабинада түнөйт, башкалары такси менен кетип, кезеги жакын калганда келип калышат.

Көпчүлүк айдоочулар чиркегичи жок иштешет, бул аларга кезектен тез өтүүгө мүмкүндүк берет. Бирок кызылчанын көлөмү көп болгондуктан жана кабыл алуу жайынын чектелүү мүмкүнчүлүгүнөн улам күтүү баары бир созулуп кетет.

Акыркы он жылдыктардагы рекорддук түшүм

Быйыл Кыргызстан акыркы 40 жылдагы рекорддук көрсөткүчкө – 120 миӊ тонна кант өндүрүүгө даярданып жатат. «Кайыӊды-Кант» ААКтын Чийки зат департаментинин директору Руслан Рафибековдун сөзү боюнча, быйыл Чүй, Ысык-Көл жана Талас облустарында 15 миӊ гектар жерге кант кызылчасы эгилген. Андыктан түшүмдүн жалпы дүӊ жыйымы 900 миӊ тоннаны түзөрү күтүлүп жатат.

Сентябрдын жарымынан тартып фермерлер республиканынын кызылча кабыл алуу жайларына 620,9 миӊ тонна тамыры таттуу жемишти тапшырышты. «Кайыӊды-Кант» жана «Кошой» заводдору буга чейин 284,3 миӊ тонна чийки затты кайра иштетишти жана 37,9 миӊ тонна кант өндүрүштү. Болжолдоо боюнча, кызылчанын жыйноо иш-чаралары ноябрдын аягында жыйынтыкталат жана заводдорду кант кызылчасынын калган 30-35% түшүмүн кабыл алуу күтүп турат.

Быйыл Кыргызстан өзүн кант менен толук камсыз кылуунун алдында турат, буга кыргызстандык фермерлер өстүргөн кант кызылчасынын рекорддук түшүмү жана кызылча кабыл алуу жайларынын жана заводдордун натыйжалуу иштеши шарт түздү. Ар кандай кыйынчылыктарга жана жогорку басымга карабай, алар өз ишинин маанилүүлүгүн түшүнүү менен жумушун улантып келишет.

Ушундай биргелешкен күч-аракеттер аркылуу өлкө жакынкы мезгилде өзүнүн кантка болгон муктаждыгын камсыз кылып, азык-түлүк коопсуздугун дагы чыӊдай алат. Бул ийгилик – фермерлерден тартып, завод жумушчуларына чейин жалпы ишке күн сайын өз энергиясын жана кесипкөйлүгүн жумшап жаткан миӊдеген адамдардын эмгегинин жыйынтыгы.