Бишкек, 27.01.25. /Кабар/. Өлкө боюнча жүрүп жаткан STEM мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу курстары ушул жылдын март айына чейин созулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, иш-чара Билим берүү жана илим министрлиги, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту тарабынан Азия өнүктүрүү банкынын “Секторду өнүктүрүү долбоору: Мектептик билим берүүнү реформалоо” долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылууда.
Белгилей кетсек, буга чейин Каракол шаарында STEM сабактарынын мугалимдерине «Алтын Казык» брендиндеги ноутбуктарды алгачкы партиясын тапшыруу аземи өткөн.