Таласта шайлоонун жүрүшүндө мыйзам бузуулар катталган жок

Коом Загрузка... 18 Ноябрь 2024
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous

Бишкек, 17.11.2024. / Кабар /. Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жүрүшүндө Талас шаары боюнча азырынча мыйзам бузуу фактылары катталган жок.

Президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, облус аймагында коомдук коопсуздук милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө.

Аймакта саат 14:00гө карата 31 миң шайлоочу жарандык милдетин аткарды.

Белгиленгендей, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев № 9601 шайлоо тилкесинде добуш берди.

Талас облусунда бүгүн 118 шайлоо тилкесинде добуш берүү жүрүп жатат. Анын ичинде бирөө аралыктан добуш берүүгө ачылган. Жалпы шайлоочулардын саны 178 203ү түзөт.

Ал эми Талас шаарында аралыктан добуш берүү максатында № 9601 шайлоо тилкесине 349 жарандан арыз түшкөн.

Облус жетекчиси добуш берген соң Талас облустук Ички иштер башкармалыгынын санарип кырдаал борборуна барды. Анда аймактык милиция кызматкерлери менен байланышып, шайлоо процессинин жүрүшүнөн кабар алды.