Түндүк-түштүк альтернативдик жолу быйыл май айында пайдаланууга берилет

Коом Загрузка... 24 Январь 2025
copyright icon www

Бишкек, 24.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Түндүк-түштүк альтернативдүү жолу быйыл май айында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Азия өнүктүрүү банкынын долбоорлорун ишке ашыруу тобунун инженер-жолчусу Айбек Калмаматов билдирди.

Анын айтымында, жол аталган министрликтин инвест долбоорлорунун алкагында курулуп, куруу иштери өткөн жылдын аягында 100%га бүткөн.

“Түндүк-Түштүк альтернативдик жолун буйруса, үстүбүздөгү жылдын май айында пайдаланууга беребиз деп турабыз. Министрлер кабинети тарабынан жакын арада бир күн белгиленгени турат. Жолдун ачылышына президент Садыр Жапаров жана бир катар бийлик өкүлдөрү катышары күтүлүүдө”,-деди ал.