Бишкек, 17.01.25. /Кабар/. Корея полициясы президенттин коопсуздук кызматынын директорунун милдетин аткаруучу Ким Сон Хунду камакка алды. Бул тууралуу кореялык Yonhap агенттигине таянып, ТАСС маалымат агенттиги билдирди.
Ким Сон Хун Сеулдагы Улуттук тергөө агенттигинин баш кеңсесине сурак берүү үчүн келгенден кийин кармалган. Ага чейин үч жолу суракка келүүдөн баш тарткан, бул аны камакка алуу үчүн арыз берүүгө негиз болгон.
Ким Сон Хун бийлик органдарынын ишине тоскоолдук кылган деп шектелүүдө. Камакка алынганга чейин ал өзү “коопсуздукту камсыздоо боюнча мыйзамдуу милдеттерин аткарып жатканын” билдирген.
15-январда Түштүк Кореянын импичмент жарыяланган президенти Юн Сок Ёль камакка алынган.
Ал аскердик абалды жарыялоого байланыштуу козголоңчу деген айып менен кармалган.
Түштүк Кореянын мыйзамдары азыркы президентти козголоң жана мамлекеттик чыккынчылык беренелери боюнча кылмыш жообуна тартууга жол берет.