Уран Мусаев мэриянын жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаментин жетектеди

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 19 Ноябрь 2024
1732018621.730x0

Бишкек, 19.11.2024. / Кабар /. Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ротация жолу менен Уран Мусаев Бишкек мэриясынын жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаментинин директору болуп дайындалды.

Ал буга чейин мэриянын муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин директору болуп иштеген.

Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.