Ысык-Көл облусунда шайлоочулардын 23,2%ы өз тандоосун жасады

Коом Загрузка... 17 Ноябрь 2024
whatsapp_image_2024-11-17_at_18_18_45.730x0

Бишкек, 17.11.2024. / Кабар /. Бүгүн саат 18:00гө карата Ысык-Көл облусундагы шайлоочулардын 23,2%ы өз тандоолорун жасашты.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, жалпысынан 80 миң 839 шайлоочу добуш берүүгө катышты.

Ысык-Көл облусу боюнча шайлоочулардын саны - 346 миңден ашуун. Жалпы мандаттардын саны - 625 (25 жергиликтүү кеңеште). Шайлоо участкаларынын саны - 249.

Шайлоо учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн милиция күчөтүлгөн режимде иш алып барууда.