Жалал-Абад облусунда 33,3 пайыз шайлоочу добуш берүүгө катышты

Коом Загрузка... 17 Ноябрь 2024
1.730x0 (3)

Бишкек, 17.11.2024. / Кабар /. Жалал-Абад облусунда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого 33,3 пайыз жаран добуш берди. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Жалал-Абад облусундагы 452 шайлоо участкасында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өнөктүгү өттү. Саат 20:00гө карата бардык тилекелер жабылып, облус боюнча жалпы 257 миң 624 жаран добуш берүүгө катышты.