Бишкек, 23.01.25. /Кабар/. Күн мурун Жалал-Абад облусунун башчысы Тилек Текебаев Жалал-Абад шаарында жайгашкан бир катар отканалардын абалы менен таанышты.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, кыдыруу учурунда Текебаев эскилиги жеткен отканаларды модернизациялоону тапшырды.
Ошондой эле облус башчысы жашоочуларды үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыздоо, жылуулук колдонуучуларга белгиленген температураны көрсөтүлгөн нормада сактоо тапшырмаларын берди.
Белгилей кетсек, “Жалал-Абад жылуулук” муниципалдык ишканасына таандык жалпы 20 откана бар. Аларга жылуулук менен камсыздоо мезгилине карата 2932 тонна көмүр, 2810 тонна мазут керектелет. Ишкана шаардагы 22 бюджеттик, 9 административдик, 13 коммерциялык мекемени жана 2993 абонентти тейлеп келет.