Бишкек, 24.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Буга чейин Социалдык фонд негизинен пенсиялык фонд, милдеттүү медициналык фонд, эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду багыттары менен иштеп келген. Ал эми 2010-жылы эл аралык тажрыйбага таянуу менен дагы кошумча пенсиялык топтомо фонду системасы ишке кирген.
Пенсиялык топтомо фонду деген эмне? Соцфонд төмөнкүлөргө токтолду.
2010-жылдан тарта мамлекеттик топтомо фонду системасы ишке кирген. Эгерде сиз бир мекемеде расмий иштесеңиз ай сайын тапкан айлык маянаңыздын 10%ын Социалдык фондго которосуз. Соцфондго которгон 10%дын 8%ы жеке пенсиялык эсепке, ал эми 2%ы мамлекеттик пенсиялык топтомо фондуна которулат. Тактап айтканда, ушул эки пайыз каражат жеке сизге таандык болот. Бул каражат жылдан-жылга көбөйүп турат жана болочок пенсияңызга кошумча каражат болуп берет.
Мамлекеттик пенсиялык топтомо фонду жыл сайын 2%дык каражатты эле чогултуп тим болбостон, көбөйтүп дагы турат. Каражатты көбөйтүү мамлекеттик банктарга салуу менен, жана баалуу кагаздарды сатып алуу менен ишке ашырылат.
Ар бир жаран Соцфонддун райондук бөлүгүнө кайрылып, буга чейин канча каражат топтомо бөлүктө чогулганы тууралуу маалымат ала алышат.
Элдин жашоо шартын жакшыртуу жана социалдык бакубаттуулугун камсыз кылуу максатында пенсиялык топтоолорду төмөнкү учурларда алса болот:
-жеке камсыздандыруу эсебинде пенсиялык топтомосу бар пенсионерлер;
-чет өлкөгө туруктуу жашоого бара жаткан же көчүп кете турган кыргызстандыктар;
-пенсиялык топтомосу бар адамдардын мураскорлору;
-пенсиялык топтомосу бар, 63 жашка чыккан аскер кызматкерлери.
Белгилей кетчү нерсе, аскер кызматкерлери кызмат өтөп жаткан мезгилде Социалдык фондго акча чегербейт. Андыктан аскер кызматын өтөөдөн мурда же андан кийин жарандык чөйрөдө иштеген жана Соцфондго тийиштүү чегерүүлөрдү төлөгөн жарандар гана ала алат.
Ошондой эле министрлер кабинетинин өткөн жылдын 24-июнундагы токтомуна ылайык пенсиялык топтоолорду төлөөдө жаңы өзгөртүүлөр кирди.
Ага ылайык жарандар пенсиянын топтомо бөлүгүн каражат 50 миң сомдон ашканда төмөндөгү учурларда мөөнөтүнөн мурда ала алышат:
-эгерде сиз биротоло чет өлкөгө жашоого кетип жатсаңыз;
-белгилүү бир убакытта, расмий түрдө жумушуңуз жок болсо, бирок ал үчүн расмий түрдө Эмгек министрлигинен каттоодон өтүү керек. Топтомо бөлүк үч айга чейин эмгекке жарамдуу калктын жашоо минимумуна жараша 8 миң 579 сом өлчөмүндө берилип турат;
-эгерде пенсиялык топтомосу бар жаран, мөөнөтүнө жетпей каза болсо, топтолгон каражатты анын мураскору ала алат.
-топтомо бөлүктү ипотека алган учурда баштапкы төлөмдү төгүмүн төлөө максатында алса болот. Топтолгон каражаттын минималдуу суммасы 50 миңден ашышы керек.
-оор илдетке кабылган учурда же үй-бүлө мүчөлөрү катуу ооруп калган маалда.
Пенсиялык топтомону мөөнөтүнөн мурда алууга укук берген оор оорулардун тизмегине төмөнкүлөр кирет:
1.Клиникалык топтогу II, III, IV стадиядагы бардык зилдеме жаңы шишиктер.
2.Кан оорусу:
🔷 курч мүнөздөгү лейкоз (бардык түрлөрү);
🔷 апластикалык аз кандуулук;
🔷 гемофилия.
3.Кан айлануу органдарынын ооруларынын төмөнкү түрлөрү жана формалары:
🔷 кабылдаган же тубаса жүрөк кемтиги;
🔷 жүрөктүн ритминин жана өткөрүмдүүлүгүнүн бузулушу;
🔷 жүрөктүн өнөкөт коронардык оорусу: анын ичинде өнөкөт аневризми, жүрөк жетишсиздиги менен коронардык ангиопластика жана коронардык шунтирлөө;
🔷 операция кылууну талап кылган магистралдык кан-тамырлардын бузулуусу менен артериялардын оорусу;
🔷 облитерацияланган эндартериит оорусунун күчөп кеткен түрлөрү.
Соцфонддун маалыматына ылайык, өткөн жылдын 1-ноябрына карата маалымат боюнча жалпы пенсиялык топтоонун көлөмү 49 млрд сомдон ашкан. Бул сумманын жарымын жарандар төккөн болсо, жарымы топтомо фонду көбөйткөн каражат.
“Өткөн жылдын 1-ноябрына карата пенсиянын топтомо бөлүгүн 207 миңден ашуун адам алган. Алардын ичинен пенсияга чыккан 185 миң адам 2 млрд сом, пенсияга жетпей каза болгон 11 миң жарандын мураскорлору 282 млн сом, ал эми чет өлкөгө туруктуу жашоо кеткен дээрлик 4 миң адамды түзүп 199 млн сом алган, мындан тышкары ипотека алууну чечкен 6 миңге жакын адам 1 млрд сомдон ашык, расмий түрдө жумушсуз деп катталган 235 адам 4 млн сом бөлүнүп берилген, оор илдетке чалдыккан 475 адам 76 млн сом топтомо бөлүгүн алган”,-деп билдирет Соцфонд.
Баса белгилей кетсек, бул пенсиялык топтомо бөлүк бардык эле жарандарга тиешелүү эмес.
Пенсиянын топтомо бөлүгү 1964-жылдын 1-январынан кийин төрөлгөн эркектерге жана 1969-жылдын 1-январынан кийин төрөлгөн аялдарга гана тиешелүү болот. Себеби,бул жылдардан мурда төрөлгөндөрдүн айлыгынын 2%ы мамлекеттик пенсиялык топтомо фондуна которулбастан, 10%ы толугу менен жеке пенсиялык эсепке түшүп турган.