Жаңы гимн. Сынакта иргелген тексттерге лингвистикалык экспертиза жүргүзүлөт

Басма сөз борбору Загрузка... 25 Декабрь 2024
whatsapp_image_2024-12-25_at_15_17_18.730x0.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 25.12.24. /Кабар/. Жаңы гимндин варианттарына жарыялаган сынакта иргелген тексттерге лингвистикалык экспертиза жүргүзүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан сынактын жобосу иштелип чыгып, коомчулукка жарыяланат.

“Тексттердин канчалык деңгээлде маданиятыбызга, салтыбызга, дүйнө таанымыбызга туура келеби же келбейби, сөз айкаштарынын же сөздөрдүн айтылышы туура эмес маанини камтыбасын деген лингвистикалык экспертизаны өткөрүү иши Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссияга тапшырылды. Экспертизада тексттердин ичинен сынактын кийинки этабына өткөндөрү каралып чыгат. Жогорку Кеңешке бекитүүгө үч вариант сунушталары айтылууда. Ошол үч вариантка жеткенге чейин биз тексттерди экспертизадан өткөрөбүз”, - деди ал.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеште мамлекеттик гимнди өзгөртүү боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, ага сегиз депутат кирген. Гимндин үч вариантын парламентке сунуштай турган ведомстволор аралык комиссия да түзүлүп, кийин алар депутаттык комиссия менен биргеликте иштешери айтылган болчу. Ал эми Жогорку Кеңеш үч варианттын бирин тандайт. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жаңы мамлекеттик гимн келерки жылдын апрель айына чейин кабыл алынышы керектигин билдирген эле.