Жол тармагына бөлүнгөн каражат эки эсеге көбөйүп, 22 млрд сомго жетти – Орунбеков

Экономика Загрузка... 30 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.01.25. / Кабар/. Жол тармагына бөлүнгөн каражат өткөн жылы эки эсеге көбөйүп, 22 млрд сомго жетти. Бул тууралуу президенттин администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Ал белгилегендей, бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 453 даана жаңы атайын техниканы тапшырды. Бул техникалар мамлекеттик бюджеттин эсебинен сатып алынып, өлкөбүздүн жол тармагын жакшыртууга чоң салым кошот.

“Жол тармагына бөлүнгөн каражат 2024-жылы эки эсеге көбөйүп, 22 млрд сомго жетти. Бул каражатка 1 миң чакырымдан ашуун жол оңдолду жана курулду, 802 чакырым жолго асфальт төшөлдү, түндүк-түштүк альтернативдүү жолу, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу жана башка ири долбоорлор ишке ашууда, Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол, Нарын-Баетов, Ош-Баткен-Раззаков сыяктуу маанилүү жолдор курулууда. Жаңы техникалар жол тейлөө кызматкерлерине иштерди натыйжалуу аткарууга мүмкүнчүлүк түзөт. Эми жолдорубуз дагы жакшыраак, сапаттуу жана коопсуз болот!”,-деп жазган Орунбеков.